• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19га каршы 1102 адам эмделди. Жалпы 3807

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Акыркы 24 саат ичинде республика боюнча 1 миң 102 адам COVID-19га каршы эмделди. Жалпы 3 миң 807 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

Бишкек шаарында – 503 (бир суткада – 100)

Ош шаарында – 435 (бир суткада– 51)

Чүй облусунда – 432 (бир суткада – 79)

Ош облусунда – 1 миң 469 (бир суткада – 577)

Ысык-Көл облусунда – 217 (бир суткада – 75)

Талас облусунда – 10 (бир суткада – 10)

Нарын облусунда – 379 (бир суткада – 38)

Жалал-Абад облусунда – 299 (бир суткада – 148)

Баткен облусунда – 63 (бир суткада – 24).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Вакцинага байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0(312) 546521, 0(312) 546104.

Пикир

Оставить комментарий