• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 4 миң 469 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде эмдөөдөн 4 миң 469 адам өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 279 биринчи дозаны, 190 адам экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөн: 1 доза – 352 миң 877; 2 доза – 107 миң 826. Убактылуу эмдөө пункттарынын иштөө графиги:

- Мамлекеттик убактылуу эмдөө пункту – саат 8.00-23.00;

- Жеке медициналык борборлор – саат 8.00-17.00 (акысыз);

- Жалпы билим берүүчү мекемелер – саат 9.00-17.00;

- Соода жана көңүл ачуу борборлору – саат 10.30-21.30;

- Маданий жана спорт борборлору – саат 9.00-17.00;

- Көчмө мобилдик бригадалар – саат 9.00-17.00.

Пикир

Оставить комментарий