• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 211 адамдан табылып, 2 киши каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 20.12.20./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 211 адамдан табылып, 2 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 64, Ошто - 6, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда - 12, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда - 6 адам ооруп калды.

Ал эми бир сутка ичинде 321 киши илдеттен сакайды. Алар Бишкекте – 107, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 112, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 19 бейтап айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Өлкөдөгү стационарда 1 миң 664, амбулатордук түрдө 2 миң 463 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4072 учур катталды, алардын ичинен 3836 медкызматкер сакайды.

Коронавирус жайылып башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 79 миң 122 адам ооруп, 72 миң 780и айыкса, 1 миң 330у каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий