• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 420 адамдан табылып, 227 адам сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 420 адамдан табылып, 227 адам сакайды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту Бишкекте - 98, Ош шаарында - 32, Чүй облусунда - 26, Ош облусунда - 51, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 112, Баткен облусунда - 49 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 227 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 39, Ош шаарында - 19, Чүй облусунда - 20, Ош облусунда - 31, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 22, Жалал-Абад облусунда - 55, Баткен облусунда - 32 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 47 миң 843 адам айыкса, 56 миң 170 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 134 жаран көз жумган.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 399 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 274 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 588 учур катталды, алардын ичинен 3 280 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий