• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 422 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 422 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 130, Ош шаарында - 22, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда - 45, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 16, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда - 21 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 516 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 168, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 49, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 92 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 68 миң 316 адам коронавируска кабылса, 59 миң 362 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Бишкекте – 1, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 1 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 217 жаран каза тапты. Акыркы суткада 3 миң 60 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 144 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 870 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй шартынан 2 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 776 учур катталды, алардын ичинен 3 521 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий