• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 425 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 425 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 110, Ош шаарында - 13, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда - 50, Талас облусунда - 8, Нарын облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 35, Баткен облусунда - 29 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 531 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 146, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 71, Баткен облусунда – 59 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 67 миң 894 адам коронавируска кабылса, 58 миң 846 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Бишкекте – 1, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 1 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 212 жаран каза тапты. Акыркы суткада 3 миң 206 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 136 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 980 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй шартынан 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 764 учур катталды, алардын ичинен 3 514 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий