• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 486 адамдан табылып, 4 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 486 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 143, Ош шаарында - 22, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда - 32, Талас облусунда - 18, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда - 36 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 555 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 140, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 92, Ош облусунда – 72, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 90, Баткен облусунда – 72 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 67 миң 469 адам коронавируска кабылса, 58 миң 315 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду. Бишкекте – 2, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 207 жаран каза тапты. Акыркы суткада 3 миң 749 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 138 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 100 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 750 учур катталды, алардын ичинен 3 505 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий