• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 495 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 495 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 150, Ош шаарында - 17, Чүй облусунда - 78, Ош облусунда - 52, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 89, Баткен облусунда – 44 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 527 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 70, Ош шаарында - 47, Чүй облусунда - 65, Ош облусунда - 66, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда - 33, Жалал-Абад облусунда - 130, Баткен облусунда - 100 киши айыкты.

Коронавирустан жалпы 51 миң 815 адам айыкса, 60 миң 774 киши ооруга кабылган.

Илдеттен 1 миң 163 жаран көз жумган. Акыркы сутка ичинде 4 өлүм катталды. Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 437 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 киши дарыланууда.

Акыркы суткада 3 миң 920 ПЧР анализи жүргүзүлдү.

Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 9, стационардан 4 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 631 учур катталды, алардын ичинен 3 372 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий