• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 527 адамдан табылып, 5 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 527 адамдан табылып, 5 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек - 108, Ош шаары - 51, Чүй облусу – 97, Ош облусу - 36, Талас облусу - 15, Нарын облусу - 7, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 105, Баткен облусу - 49 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 518 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкек – 95, Ош шаары – 20, Чүй облусу – 38, Ош облусу – 69, Талас облусу – 21, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 108, Баткен облусу – 104 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 64 миң 887 адам коронавируска кабылса, 55 миң 824 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Бишкекте – 1, Чүй облусунда – 1, Баткен облусунда – 3 киши көз жумду. Жалпы өлкө боюнча 1 миң 193 жаран каза тапты.

Акыркы суткада 3 миң 963 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 322 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 874 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 662 учур катталды, алардын ичинен 3 464 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий