• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 535 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 535 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 151, Ош шаарында - 21, Чүй облусунда - 104, Ош облусунда - 75, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 43, Жалал-Абад облусунда - 67, Баткен облусунда – 48 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 528 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 160, Ош шаарында - 39, Чүй облусунда - 34, Ош облусунда - 96, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда - 26, Жалал-Абад облусунда - 71, Баткен облусунда - 83 киши айыкты.

Коронавирустан жалпы 52 миң 343 адам айыкса, 61 миң 309 киши ооруга кабылган.

Илдеттен 1 миң 167 жаран көз жумган. Акыркы сутка ичинде 4 өлүм катталды. Бишкек шаарында 2, Талас облусунда 1, Ош шаарында 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 430 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 746 киши дарыланууда.

Акыркы суткада 3 миң 182 ПЧР анализи жүргүзүлдү.

Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 10, стационардан 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 634 учур катталды, алардын ичинен 3 387 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий