• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 547 адамдан табылып, 4 адам каза болду - Статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 547 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 123, Ош шаарында - 52, Чүй облусунда - 76, Ош облусунда - 85, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 79, Баткен облусунда - 90 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 282 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 41, Ош шаарында - 29, Чүй облусунда - 26, Ош облусунда - 72, Талас облусунда - 13, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 18, Жалал-Абад облусунда - 58, Баткен облусунда - 23 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 46 миң 726 адам айыкса, 54 миң 6 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 122 жаран көз жумган. Бир күндө 4 өлүм катталды. Баткенде - 1, Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 919 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 745 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 12 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 561 учур катталды, алардын ичинен 3 220 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий