• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 549 адамдан табылып, 5 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 549 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 125, Ош шаарында - 37, Чүй облусунда - 53, Ош облусунда - 82, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 117, Баткен облусунда - 97 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 305 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 39, Ош шаарында - 11, Чүй облусунда - 22, Ош облусунда - 78, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 16, Жалал-Абад облусунда - 99, Баткен облусунда - 30 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 46 миң 444 адам айыкса, 53 миң 459 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 118 жаран көз жумган. Бир күндө 5 өлүм катталды. Баткенде - 2, Бишкек шаарында - 3 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 796 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 612 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан алты, үй карантининен он медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 555 учур катталды, алардын ичинен 3 200 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий