• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 556 адамдан табылып, төртөө каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 556 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 149, Ош шаарында - 34, Чүй облусунда - 67, Ош облусунда - 75, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 83, Баткен облусунда - 86 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 287 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 32, Ош шаарында - 45, Чүй облусунда - 35, Ош облусунда - 60, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 13, Жалал-Абад облусунда - 73, Баткен облусунда - 23 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 47 миң 337 адам айыкса, 55 миң 144 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 130 жаран көз жумган. Бир күндө 4 өлүм катталды. Баткенде - 1, Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 300 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 871 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 569 учур катталды, алардын ичинен 3 251 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий