• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 565 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 565 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 119, Ош шаарында - 17, Чүй облусунда - 69, Ош облусунда - 86, Талас облусунда - 19, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 40, Жалал-Абад облусунда - 133, Баткен облусунда – 79 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 426 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 81, Ош шаарында - 52, Чүй облусунда - 50, Ош облусунда - 77, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 26, Жалал-Абад облусунда - 66, Баткен облусунда - 62 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 50 миң 409 адам айыкса, 59 миң 443 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 150 жаран көз жумган. Бир күндө 5 өлүм катталды. Бишкек шаарында 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 386 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 905 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 616 учур катталды, алардын ичинен 3 335 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий