• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан табылып, төртөө каза болду – Статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 63, Ош шаарында - 59, Чүй облусунда - 81, Ош облусунда - 127, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 113 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 324 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 25, Ош шаарында - 49, Чүй облусунда - 25, Ош облусунда - 101, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 10, Жалал-Абад облусунда - 61, Баткен облусунда - 48 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 47 миң 50 адам айыкса, 54 миң 588 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 126 жаран көз жумган. Бир күндө 4 өлүм катталды. Баткенде - 1, Бишкек шаарында – 1, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 139 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 719 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 566 учур катталды, алардын ичинен 3 238 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий