• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 596 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 596 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 136, Ош шаарында - 23, Чүй облусунда - 89, Ош облусунда - 64, Талас облусунда - 39, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 91, Баткен облусунда - 112 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 425 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 90, Ош шаарында - 27, Чүй облусунда - 39, Ош облусунда - 59, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда - 85, Баткен облусунда - 86 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 49 миң 522 адам айыкса, 58 миң 394 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 142 жаран көз жумган. Бир күндө 3 өлүм катталды. Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 359 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 814 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 612 учур катталды, алардын ичинен 3 316 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий