• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 6 медкызматкерден табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 6 медкызматкерден табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында бир, Чүй облусунда 3, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир медкызматкер илдет жуктуруп алган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде бир медкызматкер айыгып чыгарылды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2093 учур катталды. Алардын ичинен 409у медицина кызматкери. Илдеттен 1572 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 (+2 учур бүгүн катталды) адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий