• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1961-жылкы аял, 1959-жылкы эркек жана 1958-жылкы эркек киши илдеттин кесепетинен каза болду.

"Ысык-Көл облусунун Түп аймактык ооруканасына 1958-жылкы эркек киши түшкөн. 15-июнда келгенде пневмония, респиратордук инфекциянын белгилери байкалган. Абалы өтө оор болгон. 8-июнда эле анын дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган. Укол алганына карабай абалы жакшырган эмес. Кийин жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулуп, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу каза болуп калды. Анда пневмония жана жүрөк иштешинин жетишсиздиги байкалган", - дейт ал.

Үсөнбаев маалымдагандай, Оштун Кара-Суу районунда 1959-жылкы эркек 17-июнда ооруп, дене табы көтөрүлүп жана жөтөл коштогондуктан ооруканага кайрылган.

"Ал жеке менчик ооруканада дарыланган. Инфаркт оорусу менен да жапа чегип келген. Дарыланганына карабастан дем алуу жетишсиздиги байкалып, каза болуп калды. Ал эми 1961-жылкы аял Ош облустар аралык ооруканасынын жугуштуу бөлүмүнө жаткырылган. Ал 19-июнда келип, анда өтө курч мүнөздөгү коронавирус инфекциясы, эки тараптуу пневмония жана дем алуу жетишсиздиги аныкталган. Келгенде эле шалдырап, тамакка табити жок болгон. Ошондой эле бөйрөгү да ооруп чыккан. Көрүлгөн жардамдарга карабай каза болуп калды", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2981 учур катталды. Алардын ичинен 546сы медицина кызматкери. Илдеттен 1981 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий