• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош облустар аралык ооруканасынан 1972-жылкы эркек киши каза болду.

"Жалпысынан республика боюнча илдеттин кесепетинен 42 жаран каза болду", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Алардын ичинен 629у медицина кызматкери. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий