• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавируска каршы 3 миң 175 адам вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавируска каршы 3 миң 175 адам вакцина алса, экинчи дозасы 1 миң 346 жаранга сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Өлкө боюнча жалпы 131 миң 20 адам эмделди. Анын 85 миң 474ү экинчи дозаны алышты.

Аймактар боюнча алганда:

  • Бишкекте 44 миң 789;
  • Ош шаарында 9 миң 862;
  • Чүй облусунда 22 миң 73;
  • Ош облусунда 14 миң 579;
  • Ысык-Көл облусунда 11 миң 308;
  • Талас облусунда 4 миң 585;
  • Нарын облусунда 4 миң 728;
  • Жалал-Абад облусунда 14 миң 52;
  • Баткен облусунда 5 миң 44 адам вакцина алды.

Пикир

Оставить комментарий