• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 18 медкызматкер айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 18 медкызматкер айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

"Алар Нарын облусунда 2 жана Чүй облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 13-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2207 учур катталды. Алардын ичинен 429у медицина кызматкери. Илдеттен 1722 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий