• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 69 адам айыкты. Жалпы 1791

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 69 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 36, Чүй облусунан 9, Нарын облусунан 15, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 4, Баткен облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1791 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан кошумчалашкандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 78 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктурган адамдардын саны 2285ге жетти. Коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий