• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 7 медкызматкер айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 7 медкызматкер айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 учур катталды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257си медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий