• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 328 адам жуктуруп, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 328 адам жуктуруп, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек -122, Ош шаары - 11, Чүй облусу – 87, Ош облусу - 12, Талас облусу - 12, Нарын облусу - 6, Ысык-Көл облусу – 48, Жалал-Абад облусу – 13, Баткен облусу - 17 киши ооруп калды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 455 бейтап сакайып чыкты. Алар Бишкек – 109, Ош шаары – 11, Чүй облусу – 110, Ош облусу – 29, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 17, Ысык-Көл облусу – 42, Жалал-Абад облусу – 86, Баткен облусу – 44.

COVID-19 илдетинен 5 бейтап каза болду: Бишкекте - 3, Чүй облусунда - 2 адам. Жалпы 74 миң 973 адам коронавируска кабылса, 66 миң 993 айыкты. Илдеттен 1 миң 295 бейтап каза болду.

Стационарда 2 551, амбулатордук түрдө 3 441 киши дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 968 учур катталды, алардын ичинен 3 669 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий