• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 6 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 6 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 9 медкызматкер айыгып чыгарылды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын ичинен 425и медицина кызматкери. Илдеттен 1668 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий