• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 7 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 7 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 4, Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 372 учур катталды, алардын ичинен 270 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1899 учур катталды. Алардын ичинен 372си медицина кызматкери. Илдеттен 1292 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий