• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 18 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 18 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган медкызматкерлердин жалпы саны 134гө жетти.

"Коронавирусту жаңы жуктурган 18 кызматкердин ичинен Жалал-Абадда 4, Баткенде бир, Ош облусунда 5, Нарында 4 жана Бишкекте 4 медкызматкер жуктурган. Алардын 7си дарыгер, калгандары кенже кызматкерлер", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 554гө жетти. Алардын ичинен 134ү медицина кызматкери. Коронавирустан 133 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий