• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 2 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирусту дагы 2 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 185 учур катталды.

"2 учур тең Нарын облусунун Жумгал районунда катталган. Анын бирөө дарыгер, бирөө кичи медкызматкер", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 28-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 185и медицина кызматкери. Илдеттен 416 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий