• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде медиктер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде медиктер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты. "Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 248 учур катталды, алардын ичинен 200 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 16-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ге жетти. Алардын ичинен 248и медицина кызматкери. Илдеттен 783 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий