• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 32, коронавирустан үч адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 32, коронавирустан үч адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 2 (эркектер, 65 жашта, 51 жашта), Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 44 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча жана Бишкекте 8 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 382 адамды түзөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 11-июлга карата өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 9910го жетти. Алардын ичинен 1529у медицина кызматкери. Илдеттен 3236 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 125 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий