• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 41, коронавирустан жети адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 41, коронавирустан жети адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 3 (эркектер - 37, 57 жашта, аял, 58 жашта), Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 57 жашта), Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 64 жашта, Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (эркектер - 36, 52 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 22 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 423 адамды түзөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 12-июлга карата өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 10629га жетти. Алардын ичинен 1656сы медицина кызматкери. Илдеттен 3387 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 132 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий