• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 45, коронавирустан эки адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 45, коронавирустан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын атымында, Жайыл аймактык ооруканасынан – 58 жаштагы эркек киши жана 67 жаштагы аял коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен 23 адам республика боюнча жана Бишкекте 22 адам. Март айынан бери пневмониядан жалпы 497 адам каза болду”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны жалпы 11 миң 538ге жетти. Алардын ичинен 1875и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 4995 (үй изоляциясынан 1426) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 149 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий