• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде вакцинаны 20 миң 631 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавируска каршы вакцинаны 20 миң 631 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 18 миң 436сы биринчи дозаны, 2 миң 195и экинчи дозаны алган.

Жалпы эмдөөдөн өткөн:
1-доза – 336 миң 732;
2-доза – 106 миң 238.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээ, 23-июлда вакцина алып жатып, жакын арада “Синофарм” вакцинасынан 1 млн 250 миң доза кошумча партия сатылып алынарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий