• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө 56 млрд сом керек

Коом 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө дээрлик 56 млрд сом керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылга чейин өлкөнүн баарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалып жатат.

"Башкача айтканда 2023-жылга чейин биз ошол 56 млрд. сомду табууну пландап жатабыз. Айыл жергесин суу менен камсыздоо үчүн 34 млрд. сом зарыл болсо, анын дээрлик 15 млрд. сому табылган", - деди ал.

Андан тышкары Токтошев билдиргендей, Европанын реконструкция жана өнүгүү банкы 70 млн. евро бөлүп, ал 2023-жылга чейин өздөштүрүлөт. Ал каражаттын 65% грант болсо, калганы насыя.

"Ошондой эле, ар кайсы каржы институттардан 8 өнөктөшүбүз бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий