• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас облусунда төө буурчактын баасы туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда төө буурчактын сатып алуу баасы туруктуу. Бул тууралуу Талас облусунун Төө буурчак экспорттоочулар ассоциациясынын төрайымы Чолпон Нурманбетова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы дыйкандар 20 миң тонна «Лопатка», 30 миң тонна “Томатный” сортунан, калган 5% «Красавчик» жана «Ребой» сортторун жыйнады.

Бүгүнкү күндө «Лопатка» сортундагы төө буурчактын сатып алуу баасы 1 кг 100 сом, логистика жана чыгымдарды кошкондо 1 тоннасы 1550 АКШ долларын түзөт, ал эми «Томатный» сорту 65 сомдон алынууда.

Белгиленгендей, былтыркыга салыштырмалуу быйыл төө буурчактын баасы бир топ жогору.

2022-жылы жалпысынан Талас облусу боюнча 54,6 миң гектар жер аянтына төө буурчак айдалган. Азыркы учурда төө буурчакты жыйноо иштери жүрүп жатат.

2022-жылдын 26-сентябрына карата Талас облусу боюнча төө буурчак жыйноо иштери 37,5 миң га аянтта жүргүзүлүп, жалпы аянтка карата 68,6% түздү. Орточо түшүмдүүлүк 16,2 ц/га болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,4 ц/га көп.

Жалпы дүң жыйым 60,7 миң тонна топтолуп, ошондой эле былтыркы жылдан 5,5 миң тоннага көп болду.

Пикир

Оставить комментарий