• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда төрөлгөн жигит Москвада метронун рельсине кулап түшкөн жаранды куткарып калды

Коом 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда төрөлгөн Сыймыкбек Алмазбек уулу Москвада метронун рельсине кулап түшкөн жаранды куткарып калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине жаш кинорежиссер Кенжебек Шайлообаев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, Сыймыкбек Алмазбек уулу кечээ, 9-мартта Москвада "Текстильщики" метросунун рельстеринин бирине кулап түшкөн адамды куткарып калган. Жабыркаган орус улутундагы адам мас абалында болгон.

"Ооба жалгыз эмес. Жанында чечен улутундагы жигит да бар болчу. Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган адамдар туруп жардамга кол суна алган эмес. Сыймык өтө жөнөкөй, кичипейил, куранды жатка билген жигит", - деп билдирди ал.

Кенжебек Шайлообаев кошумчалагандай, куткарылган адамды тез жардам кызматы алып кеткен.

Белгилей кетсек, Сыймыкбек Алмазбек уулу 21 жашта, бүгүнкү күндө Россиянын жараны.

Пикир

Оставить комментарий