• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда төрт айда ИДПнын көлөмү 5,4% өстү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукттун көлөмү (ИДП) дээрлик 203 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ИДПнын көлөмү 189 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,5 пайызга жогорулады.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель айларында 116 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 10,3 пайызга жогорулады, буга себеп фармацевтикалык продукциялардын (12,3 пайызга), мунай заттардын (24,3 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (25,8 пайызга), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо (32,0 пайызга), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (10,1 пайызга), , ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (2,9 пайызга) өсүшү таасирин тийгизди.

Пикир

Оставить комментарий