• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР төрт миңден ашык жер көчкү коопту тилкелер бар, алардын 1204 айылдарга коркунуч жаратат

Аймак 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 4554 жер көчкү коопту тилкелери бар, анын ичинен 1204 эл жашаган аймактарга жана объекттерге (жол, имарат ж.б.) коркунуч жаратат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев билдирди.

Анын айтымында, 4554 коопту участоктун 98% республиканын түштүк аймагында жайгашкан. Айрыкча Оштун Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай райондорунда, Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт миңден ашык үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт деп билдирген. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок, дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатат.

Пикир

Оставить комментарий