• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда өтө турчу экинчи тоо жарышына 27 өлкөнүн өкүлдөрү катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жардамы менен 17-31-август аралыгында «Silk Road» аталышындагы экинчи тоо жарышы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, «Silk Road» жарышына 27 өлкөдөн келген 149 велосипедчи катышат.

Катышуучулар Бишкектен Чолпон-Атага чейинки жол узундугу 1 миң 705 чакырым аралыгында жарышат. Жолдун жүрүшүндө Кыргызстандын Соң-Көл, Көл-Суу, Тамга айылы жана Ысык-Көл сыяктуу кооз жерлерин көрүүгө болот.

Башка тоо жарышынан айырмаланып, катышуучуларга суу, тамак-аш, уктоого жер жана башка керектелүүчү нерселер уюштуруучулар тарабынан берилбейт. Ар бир катышуучуга жол көрсөтүү үчүн GPS-трекер жанында болот. Анын жардамы аркылуу көрүүчүлөр атайын картадан ким кайсы жерде экенин көрө алат.

"Жибек жолу" тоо жарышы жыл сайын август айынын акыркы эки жумасында өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий