• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда таңга маал күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 15-январда саат 06:42де эпидборбордо күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, Ак-Терек, Жийде айыл аймагында күчү 3,5 балл, Орказган, Чангет, Кыргызстан, Тосой, Ничке-Сай, Кайрат, Заргер, Калмак-Кырчында күчү 2,5 балл, Саламалик, Калта, Кара-Чолок, Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Маяк, Жыланды, Маркай, Михайловка, Саты, Кош-Этер айыл аймагында жана Көк-Жаңгак шаарында күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүү болду.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий