• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 111 жеке клиника жабылат

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда лицензиялык талаптарга туура келбеген 111 жеке клиника жабылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 370 клиника текшерилген.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлүп жаткан медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура келбегендиги боюнча 111 клиниканы жабуу актысы түзүлдү.

Ал эми инфекциялык текшерүүнүн стандарттарына туура келбеген 148 жеке клиникага мыйзамга ылайык айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий