• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда тамеки чегүүчү жай түзүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу коомдук жайлардын ээлерин менчигинин түрүнө карабастан тамеки чегүү үчүн атайын бөлмөлөрдү бөлүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Демилгечилер: депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев.

Мыйзам долбооруна ылайык, башка жарандардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо максатында азыркы учурда менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана коомдук жайлардын менчик ээлери атайын тамеки чегүүчү жайларды жана аларды санитардык-гигиеналык, өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык жабдуусу зарыл.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда 14 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын, электрондук тамекилерди сатууга уруксат берген ата-энелерге, асырап алгандарга же камкорчуларга чара көрүү сунушталууда, анткени азыр балдар билим берүү уюмдарында окуунун ордуна ири базарларда, павильондордо, комокторде ж.б. ушул сыяктуу жайларда тамеки заттарын сатып жүргөндөрү байкалат.

Мыйзам чыгаруучу КР Жоруктар жөнүндө кодексинде балдарга тамеки буюмдарын сатууга тыюу салууну жана санкцияларды караштырып, бирок балдарга тамеки буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн адамдардын жоопкерчилигин көрсөткөн эмес. Ошондуктан 14 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн адамдардын жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Алсак, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин бул мыйзам бузуу үчүн жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч (5,5 миң сом), юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч (17 миң сом) өлчөмүндө айып салуу менен толуктоо сунушталууда.

Бул мыйзам долбоорун кароо жана кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата тамеки чегүүчү жайлардын көрнөктөрүн даярдоого башка чыгашалар статьясынан мамлекеттик бюджеттен финансылык-экономикалык чыгымдарды талап кылат.

Жеке менчик түрүндөгү субъекттер өз каражаттарынын эсебинен көрсөткүчтөрдү даярдашат.

Пикир

Оставить комментарий