• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда «Централ эйжа интернешнл» компаниясынын санариптик активдеринин биржасы старт алды

Экономика 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн расмий түрдө «Централ эйжа интернешнл» кытай компаниясын саанриптештирүүнүн алкагында блокчейн технологиясынын долбоору старт алды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Санариптик активдердин биржасы” ЖАК президенти Юе Хефу кабарлады.

Анын айтымында, санариптик активдердин биржасынын системасы бүгүн ишке кирет.

“Блокчейн институту санариптик системаны иштеп чыгып, анын долбоору ийгииктүү ишке ашууда. Бул институт Кыргызстанга ыңгайлаштырылган жана ал өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнө жакшы таасирин тийгизет, Борбор Азияда алдыңкылардан болот. Биз жаңы муунду тарбиялап, аларга блокчейн технологиясын үйрөтөбүз, алар келечекте өздөрүнүн алган билимин кандайдыр бир кесипте колдоно алышат”, - дейт президент.

Андан тышкары жаштар атайын аянтча түзүп, ошол жерде тайрыйба алмашып жана санарип активдер биржасында өздөрүн көрсөтө алышат.

“Централ эйжа интернешнл” корпорациясы башка өлкөлөрдүн соода-өнөр жай компанияларынын каражаттарын тартат. Бул компания өлкөнүн экономикасын кайра жандандырат”, - деп белгиледи Юе Хефу.

Пикир

Оставить комментарий