• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда терроризм жана экстремизмге айыпталгандардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге айыпталгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык уюмдун аймактык директору Азамат Шамбилов "Кабар" агенттигинин көчмө маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай адамдардын саны 5,3 эсе өскөн жана жыл сайын көбөйүп жатат. Ошол эле учурда экстремизм жана терроризм үчүн камакка алынган адамдардын саны 62ден 191ге өскөн.

"Абак кызматы бардык камактагылар үчүн ишеничтүү корголгон шарттарды камсыздоого жана эл аралык стандарттарга ылайык түрмөлөрдү башкарууга жоопкерчиликтүү. Мындай амал камактагылардын экстремисттик топтор тарабынан жалдануу мүмкүнчүлүгүн азайтат", - деди Шамбилов.

Ошондой эле анын ою боюнча кызматкерлер радикалдаштыруу белгилерин аныктоону, калыбына келтирүүчү иш-чаралардын татаалдыгын билүүгө, алардын өздөрүнүн коопсуздугун жана соттолгондордун коопсуздугун камсыздоого милдеттүү.

"Толгон түрмөлөрдө дискриминацияга кабылгандар оңой эле террорчулардын жана экстремисттик топтордун жалдоосунун курмандыгы болушу мүмкүн. Мындай маселелерди чечүү адамдын укуктарынын жана эркиндигинин эл аралык стандарттарына негизделиши керек", - деди директор

Пикир

Оставить комментарий