• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн аптада 112 жол-транспорт кырсыгы катталып, 150 адам жабырланды - ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 13 февраля /Кабар/. Кыргызстандын аймагында өткөн аптада 112 жол-транспорт кырсыгы катталып, 150 адам жабырланды деп билдирди КР ИИМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, өткөн аптада Кайгуул милициясынын кызматкерлери “102” линиясына жарандардан түшкөн 756 чакырыкты жана маалыматты тейлешти.

Коомдук коопсуздук линиясы боюнча 890, жол кыймылы эрежесин бузгандыгы үчүн 16 миң 123 административдик протоколдор түзүлдү. Тактап айтканда, мас абалында айдагандыгы үчүн - 227, документсиз айдагандыгы үчүн -347, мамлекеттик номер белгиси жок айдагандыгы үчүн – 25, айнегин караңгылатып айдагандыгы үчүн – 144, жол белги талаптарын бузгандыгы үчүн – 2 миң 539, айдап баратып телефондон сүйлөшкөндүгү үчүн – 2 миң 715 протоколдор түзүлгөн. 697 транспорт каражаты атайын машина токтоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий