• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн бир суткада 10 миң 644 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 644 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 478 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 166 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 864 миң 545 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 654 миң 185 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий