• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 7 миң 170 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 170 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 418 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 752 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 869 миң 40 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 656 миң 857 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий