• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн ири ишембиликте дээрлик 9 миң тонна таштанды чогултулган

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” күнүнүн алкагында өткөн ири ишембиликте дээрлик 9 миң тонна таштанды чогултулган. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Эко Деми" коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтуусунда, мурунку жылы 8 миллион кг таштанды чогулса, бул ирет дээрлик 9 миллион кг чогултулган.

"Акцияга эки эсе көп адам катышты. Мурунку жылы 400 миң болсо, быйыл 600 миң адам катышты. Бирок, таштандылар айлана-чөйрөдө аз болгону байкалды. Канчалаган таштандыларды көчөлөргө ыргытабыз", - дейт Чыныбаева.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү таштандыларды чогултуу боюнча республикалык акция 21-сентябрда болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий