• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн суткада 10,5 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 555 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 44 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 511 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 116 миң 666 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 897 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий