• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн суткада 10 миң 441 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 441 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 653 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 788 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 972 миң 931 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 745 миң 807 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий